ЖЫЛНААМА, 18-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү актёр Жон Траволта 65 жашка толду
Америкалык актёр, продюсер, сценарист, бийчи, ырчы, "Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаты, Жон Траволта 1954-жылы 18-февралда Нью-Жерсиде төрөлгөн.
Жаш кезинде бийлеп жүрүп "Ишембинин кечки дүрбөлөңү" аттуу тасмасында башкы ролдо тартылып, тасма ийгиликтүү болгон. Ал аз убакыттын ичинде көптөгөн жаштардын кумирине айланган. Андан кийин "Бриолин" мюзикл тасмасына катышып, мурункудан өтүп атакка жеткен. 1980-жылы "Шаарлык ковбой", Сильвестр Сталлоне менен "Ишембинин кечки дүрбөлөңүнүн" уландысына тартылышкан, бирок бул тасмалар ийгиликтүү болгон эмес. Кийин Квентин Тарантинонун тасмасына тартылган соң атагы кайткан.
Киного тартылуудан тышкары 11 альбом чыгарган. 1974-жылы алгачкы "Over here!" альбому чыккан.
18-февралга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.