Баткенде 44 жаштагы жаранды кетмендин сабы менен чаап өлтүрүп койгон. Шектүү кармалды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 44 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 8-февралда табылган.
"44 жаштагы М.А.нын жансыз денеси Кызыл-Кыя шаарынын Иродан көчөсүндө жолдо жаткан жеринен табылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ошол эле шаардын 44 жаштагы Т.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алгачкы сурак ишинде белгилүү болгондой, эки жаран ичимдик ичип отурушуп, ортодо чыр чыккан. Мындан улам Т.Р. жабырлануучуну кетмендин сабы менен чаап жиберген", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.