super.kg logo

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп ишкерден опузалап акча талап кылган чет элдик жаран кармалды

 

УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 3000 доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүн биринин А.Ю. аттуу жараны кармалды. Мындай маалыматты аталган кызматтын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

"15-февралда кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң доллар талап кылган. Аталган факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин (“Опузалап пара талап кылуу”) негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Кармалган жаран 16-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.02.2019. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаманды коногу бийлейт болуп,каяктагы чет элдиктер кысым коргозо баштады.Чек ара ачык ,корунгону кирип тешилген,эшилген Кыргызстанга айлануудабыз.Урпактарды ойлонолу кыргызым.Кыргыздын жигиттери оз мекенинерге кайткыла,жумуш жок дешинер мумкун ,башка улуттар иштеп,байып кобойуп атат.Силер мигрант болуп кетип,ордунарды башка улуттар ээлеп жатат !!!
19.02.2019. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озубуздукулор калып чет элдиктер тоной баштадыбы эми? Качан бир чет элдиктер учун катаал мыйзам чыгарып, биздин элди, мыйзамды сыйлай турган кыласынар аткаминерлер?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: