super.kg logo

Бишкекте митингге чыккан активистти сабап кеткендер жыйырма күндөн бери табыла элек

 

Бишкекте митингге чыккан активист Бактыбек Нуралы уулун Токмок шаарынан сабап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 19-февралда жабырлануучу өзү кабарлады. Анын айтымында, Токмок шаардык милициясы аны сабагандар Бишкектен келген деп издөө ишин толук жүргүзбөй жатат.

"Улам милицияга кайрылып кармалдыбы деп сурап жатам. Азырынча изделүүдө деген эле жооп болуп жатат. Бирок Токмоктун милициясы "алар токмоктук кишилер эмес, атайын Бишкектен бери артыңардан келген" деп Бишкек шаардык милицияга оодарып жатат", - деди Нуралы уулу.

Активист аны сабап, тоноп кетүү алдын ала уюштурулганын айтууда. "Мен ошол сабалган күнү эртең менен унаамды Токмок шаарындагы вокзалга токтотуп коюп, Бишкекке кеткен болчумун. Сотко катышкандан кийин Токмокко келип унаамды карасам арткы эшиги ачык туруптур. Айдап кетейин десем эле унаам от албай койду, анткени бузуп коюшуптур. Унааны ошол жерге таштап коюп, жөө кетип баратканда кол салуу болду да. Бул окуядан кийин милицияга арыз жазып, унаам учурда экспертиза жүргүзүү үчүн Токмок шаардык милициясында турат", - деп кошумчалады ал.

Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы белгисиз адамдар Бактыбек Нуралы уулунун уюлдук телефонун жана унаасынын ачкычын тартып алып качып кетишкенин, издөө иштери башталганын кабарлаган. Бирок учурда шектүүлөр кармалганы же кармалбаганы боюнча так маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: