super.kg logo

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын аягында шектүү ишкердин ишенимине кирип, 69 миң сомдук товарын алдоо жолу менен ээлеп алган. Ал башында ишкерди курулай сөздөр менен алдап, андан соң изин жашырып кеткен.

2019-жылдын февраль айында ички иштер органдарына жабырлануучудан арыз түшүп, анда алдамчылык фактысын көрсөткөн. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Свердлов РИИБи тергөө иштерин баштаган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы алдамчылык иш-аракетине Ысык-Көл облусунун 1984-жылы туулган Ж.У. аттуу жошоочусунун тиешеси бар экендиги аныкталган. Териштирүү иштеринде шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Ошондой эле ал "опузулап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: