super.kg logo

Орусияда 17 жаштагы студент бир Кыргыз жаранын бычактап өлтүрүп, дагы экөөнө кол салган деп шектелүүдө

 

Орусияда Николай Шакиров аттуу 17 жаштагы студент бир Кыргыз жаранын бычактап өлтүрүп, дагы экөөнө кол салган деп шектелип кармалганын орусиялык ЖМКлар жазууда.

Андагы маалыматтарга караганда, ал ушул жылдын 22-январында Москва шаарынын түштүк-батыш тарабында Кыргыз жаранына 8 жолу бычак сайып өлтүргөн. Анын жансыз денеси табылып, ал 28 жаштагы Мусулманкул Камбарали уулу аттуу жаран экени белгилүү болгон.

Шектүү муну менен эле токтоп калбастан 9-февралда Москвадагы Гольяново районунда дагы бир адамга кол салып, ден соолугуна оор зыян келтирген. Ал эми 13-февралда дагы Кыргыз жеринен барган 19 жаштагы адамга кол салып, анын да ден соолугуна оор зыян алып келген.

Маалыматта полиция Николай Шакировду 15-февралда колго түшүрүп, Орусиянын Кылмы-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" жана "ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү" беренелери менен айып тагууда.

Азырынча Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги жогорудагы фактылар боюнча маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(3)
19.02.2019. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Министирлер эми такташатда силер жазып чыккандан кийин кызык экенсинер
19.02.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Териштирип сураштырып атабыз деп жата бергиле,биякта адам олуп атса башка болуп атса да...
20.02.2019. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте такташпайтда,алардын балдары жылуу жерде болсо,бирөөнүн балдары менен иши барбы алардын.Аларды биз багып жатсак ,талтайып чер жазып жата беришсин.Анан угушат шашпай бир айдан кийин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: