super.kg logo

Өз колундагы автоматтан чыккан октон каза болгон жоокердин өлүмү боюнча 8 айдан бери кылмыш иши ачыла элек

 

Өз колундагы автоматтан чыккан октон каза болгон жоокер Арзыбек Байсал уулунун өлүмү боюнча дале кылмыш иши ачыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады.

Арзыбек Байсал уулу 6-июнда Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү абагында күзөттө турганда өз колундагы АК-74 автоматтан чыккан октон каза болгон. Жазаларды аткаруу кызматы жоокер өзүн-өзү атып алганын айтып келсе, жакындары Арзыбек өз өмүрүн кыюуга бармак эместигин белгилеп келишет.

"Прокуратура жоокер өзүнө өзү кол салган деп токтом чыгарып, кылмыш ишин козгоодон баш тартып койгон. Бирок токтомду колубузга бербей жатышат. Берсе биз сотко кайрылмакпыз да. Жоокердин каза болгонуна 8 айга жакын убакыт өттү. Эмне үчүн ушул убакытка чейин жыйынтык чыкпайт? Жакындары көз жашын төгүп жатат. Эми токтомду алып берүү боюнча сотко арыз менен кайрылдык", - деди Абдирасулова.

Жоокердин таякеси Эркин Тагаев да 2018-жылдын сентябрь айында тергөө ишине нааразы болуп жатканын билдирген. Анын белгилешинче, материалдар чогултулганы менен, тергөө толук жүрбөй, эч кимге кылмыш иши ачыла элек болгон.

2018-жылдын 6 айында эле Кыргыз армиясында 3 жоокер каза болуп, 2 жоокер оор жаракат алса, дагы 32си сабоого кабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: