super.kg logo

Бишкекте Лексус менен мамыны сүзүп каза болгон Арсланбек Тойдиев Орусиядан уурдалган унаалар боюнча шектүү катары тергөөдө жүргөн

 

Бишкекте Лексус менен мамыны сүзүп каза болгон адам Арсланбек Тойдиев экенин SUPER.KGге 19-февралда Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалым болгондой, ал Орусиядан уурдалган унаалар боюнча шектүү катары тергөөдө жүргөн.

Арсланбек Тойдиев 17-февралда Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус унаасы жол боюндагы мамыны сүзүп каза болгон. Ал эми жанында бараткан стилист Асел Мамбеткалиева кырсыктан жаракат алып ооруканада жатат.

2018-жылдын январь айында интернетке чет өлкөдөн унаа ташып келип иштеген Арсланбек Тойдиевдин атынан делген кат жарыяланган. Ал катта Тойдиев кокустуктан же болбосо кыйноого кабылып каза болсо, күнөөлүүлөрдү ИИМдин жетекчилигинен издөө керектигин белгилеген. Ошол эле убакта Орусиядан уурдалган 45тен ашык унаанын Кыргыз мамлекетинен табылышына "министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жана анын кол алдындагылардын катыштыгы бар" деген маалыматы жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
20.02.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм дааа...Бул жер да таза эмес экен да.Эх жеп жутарлар.Кудайдан коркподунар го?
20.02.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми олгон адамга оодармай отту сонун идея....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: