super.kg logo

Индияда эки аскер учагы сүзүшүп, учкуч каза болду

 

Индиянын Карнатака штатында эки аскер учагы сүзүшүп, учкуч каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча 11:50дө орун алган. Анда Индиянын аскер аба күчтөрүнө таандык “Сурья Киран” авиациялык-пилотаждык топтун эки аскер учагы сүзүшкөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда.

“Кырсыктаган эки учак 18-февраль күнү да учууларга чыккан. Бирок ал күнү эч кандай көйгөйлөр жаралган эмес. Эки учкуч аман калып, бирок көптөгөн жаракаттарды алган. Ал эми бир учкуч каза болуп калган" - деп айтылат маалыматта.











 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: