super.kg logo

Парламентте сууга болгон төлөмдөр боюнча маселе көтөрүлдү

 

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору (Суу кодексине, "Суу жөнүндө" мыйзамына) каралып жатат.

Жыйында депутат Руслан Казакбаев Кыргыз мамлекетине Казакстан менен Өзбекстан сууга канча каражат төлөп жатканын сурады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргыз өлкөсүнөн Казакстан алган суусу үчүн 170 миллион теңге каражат төлөгөнүн билдирди.

"Өзбекстан суу маселесине каражат төлөгөн жок. Бирок Орто-Сай жана Казан-Сай суу сактагычтарынан 82 пайыз сууну пайдалангандыгы үчүн каражат төлөп берет", - деди Керималиев.

Мындан тышкары депутат Казакбаев Кыргыз мамлекетинин негизги байлыктарынын бири суу экенин айтты.

"Суу - негизги байлык. Ошол себептен биздин ишкерлерге төлөмдү киргизип коюп байып кетебиз деген болбогон иш. Бизге акча коңшу мамлекеттерден түшөт. Казакстан жана Өзбекстан менен суу маселесин чечүү керек", - дейт эл өкүлү.






Депутат Казакстан, Өзбекстан менен суу маселесин чечүү керектигин айтты

Автор: Жылдыз Джускембаева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: