super.kg logo

"Кыз-Бурактын" мурдагы солисттери Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын чыры эмнеде?

 

Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисттери, учурдагы жеке ырчылар Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы чыр уланууда. Учурда эки ырчы социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу пикирлерин жазып, ойлору менен бөлүшүүдө. Мурда муздап калган мамиленин кайрадан коомчулукта эмнеге сөз болуп жатканына кайрылсак, ырчы Айжамал Кабылова интернеттеги каналдардын бирине маек берип, анда Кенже Дүйшеева тууралуу кеп козгогон. Маекте Айжамал Кабылова Дүйшеева менен эмнеге мамилесин үзүп койгону тууралуу айтып берген. Мындан кийин Кенже Дүйшеева Инстаграм баракчасына Кабылованын чыгармачылыгына байланыштуу 3 бөлүмдөн турган эскерүү постторун жазды. Кеп башынан болсун.

Айжамал Кабылова: "Ич күйдүүлүк, көралбастык кылды"

- Бүгүнкү күндө мамилебиз жок. Себеби кээде коюнуңдан чыккан душмандардын кылган нерселери ушунчалык оор болот экен. Ал адамды өз бир тууганымдай көрчүмүн, себеби биз бир үйдө чоңойдук, бир нанды бөлүшүп жеп, бир кеседен тамак ичип чоңойдук. Биз ушинтип бир канча жылдардан кийин бири-бирибизге душман болуп калабыз деп эч качан ойлобоптурмун. Бүгүнкү күндө мен ал адамды душманым да, досум да, эжем да дебейм. Бул нерсенин себеби көп: бул жерде менин үй-бүлөмө киришкен учурлары, ич күйдүүлүк, көралбастык болду. Мен ушинтип айтам.

Кенже Дүйшеева: "Майда адамдар үчүн майдаланууга аргасызмын"

Кабылова маек арасында Кенже Дүйшеева тууралуу жогорудагыдай пикирин айткандан кийин, Дүйшеева дагы өз чындыгын айтып чыкты.

"Эгерде сен жөнүндө каралоо, жамандоо токтобосо, демек, ал адамдын жан дүйнөсүндө сенин ордуң дагы деле бош бойдон экенин байкоого болот. Бул ага далил!" - деп сөз баштаган Кенже Дүйшеева.

- Эгер чындап көңүл калса, мага окшоп анын ысымын атоого да ооз барбайт эмеспи. Көралбайт, ичи тар дептирсиң. Бул бүгүнкү же кечээ күнкү ойлор эмес. Көөдөнүңдө көптөгөн жылдар ичиңде сары майдай сактап жүргөн ич күптүүлүгүңдү дааналап айтып алыптырсың. Деги сен кимди көрө алдың? Өткөн күндөрдүн баарын барактабай, бир-экини эсиңе сала кетейин. Баарын айтсак бүгүн барак бети жетпес.

"Жан-жаның" менен элге жаңы тааныла баштаган учурда топтон качып кеттиң. Сенин топко кайра келишиңе көпчүлүгү ошол учурда каршы чыгышса да, артыңдан менден башка ким барып сени алып келди эле? Азыр сен түшүнбөйсүң, учуру келет, сен ырдашың керек деген сөзгө азыр маани бериш кайдан? Жадакалса мектепке ата-энелер чогулушуна менден башка сага ким барды? Алтынчы гана класста болчусуң! Мектепти аяктаган учуруңда алган бааларың укмуш болгондуктан сенин келечегиң үчүн деп, анын баарын калыбына келтирип чуркаган ким эле? Жогорку окуу жайга тапшырууңду ким багыттап, "бүтөрүндө өксүп калбасын" деп, жандалбастап кучагыма гүлдөрдөн толтуруп, алдыңдан менден башка тосуп чыкканы ким барды эле? Тилекке каршы, менден башка сага караштуу бир жан келген эмес.

Үч бөлүктөн турган билдирүүдө Кенже Дүйшеева Айжамал Кабыловага кандай колдоо көрсөткөнүн, телеканалдарга интервью берерде суроолорун алып, жоопторунан бери жазып берип таң аткыча аларды жаттаткан күндөрүн жазган.

- Турмушка чыктың. Тамак жебей жатат, ооруп калды деп чакыртасың. Күндүзү болсо күнү, түнү болсо түнү барып, тамагыңды жедирип, ооруканага чогуу барып, керек болсо уктабастан эртеси аэропортко учуп кеткен күндөрдү кайда жашырасың? Бул нерселер Кенженин сага милдети эмес, энеңден артык мамилеси деп түшүн, эгер адамдык сапатың кичине калган болсо.

Москвада жүргөнүңдө ырдагым келип жатат деп смс-кат жаздың. Нуркан Койчуманова эженин китепчесин жаңы белекке алып, анын ичинен өзүмө даярдап жүргөн "Бир өзүң бол" деген ырдын текстин сага дароо жөнөтүп жибердим, ырдагысы келип калыптыр деп. Себеби сахнадан алыстаганыңа 7 жыл болуп калган. Тартыла турган клиптин идеясынан бери айтып бердим. Ичимде тардык, көралбастык болсо, сенин өмүр жолуңда мындай колдоолор болот беле?

Ырчы Кенже Дүйшеева мындан соң Айжамал Кабылованын үй-бүлөмө киришти деген сөзүнө карата билдирүү жазган. Анда Айжамал Кабылованын жолдошу Кенже Дүйшеевага чалып, Айжамал Кабылова тууралуу арызданганын жазат.

- Ошол күнү түнкү саат 1:30да Азамат (ред. Айжамал Кабылованын мурдагы жолдошу) мага Москвадан чалды. "Эже, сизге айтпасам болбой калды. Сизден башка эч кимге айткан жокмун. Телефон чалсам албай жатат, бирок интернетте отурат", - деди. Акыркы күндөрдөгү чырдашып жүргөнүңөрдүн себебин ошондо уктум. Азамат менен сүйлөшүп бүткөн соң чарчап келгениме карабастан сенин үйүңө бет алдым. Уккан кулагыма ишенбей бараттым...

Сага айтпастан үйүңө бардым. Үйүңдө апаң да бар экен. Менин кеч келгенимди таң калуу менен кабыл алдың. Ошондо экөөбүз ашканада аябай уруштук. Анан апаңды чакырып, Азаматтын чалганын, баарын айтып бердим. Бул нерселерди жалганга чыгарбастырсың! Көп сөз болду. Кийинчерээк жолдошуң Москвадан келип, сен тараптан биринчи ал тарапка жазган смс-билдирүүлөрдү көрсөткөндөн кийин мен сенин мындай кадамыңды оор кабыл алдым.

Эске сала кетсек, Айжамал Кабылованын жолдошу менен ажырашып кетүүсүнө Кабылованын башка адам менен СМС-кат алышканы себеп болгонун "Супер-Инфо" гезити эки тараптуу чагылдырып, жубайларды жараштырууга аракет кылган тараптардын пикирлеринен бери жазып келген.

Кенже Дүйшеева постун улай, "Жолдошуң сенин чыгармачылыгыңды колдочу, сен аны түшүнгөн жоксуң. Москвага кетип жатканыңда үй-бүлөңдү сактап калсаң гана сени менен катташам дедим, бирок сен очогуңду сактап кала алган жоксуң. Азыр деле жарашып кайра чогуу жашасаңар чын дилимден кубанам", - деген пикирде сөзүн улаган.

Буга байланыштуу өз пикирин угуу үчүн ырчы Айжамал Кабыловага байланышканыбызда, ал маселеге унчукпай гана чекит коюуну каалап жатканын айтты.

"Мен бул маселе боюнча пикиримди билгизе албайм, ырбаткым келбейт. Мен сыйлаган улуу кишилер "унчукпай кой" дешти. Мен өзүмдүн жакындарымды, жолдошумду угуп, аларды сыйлагандыктан бул боюнча такыр комментарий бербейм деп чечтим", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(42)
20.02.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Кенже чындыкты айтты.
20.02.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чамдагыла, утуп чыкканынарга приз бар.
20.02.2019. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bond02,
20.02.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Айчүрөк менен Анжеликаныкы бүтүп эми силердики башталдыбы? Эч зээриктирбейсиңер да...
BarsBaatyr түзөттү 2019-02-20 16:19:01
20.02.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Айжамал не асманда журобу? Кенже Эженин корунушунон эле билинип туратго кандай бетке айтарын . Артын бир карап туруп тема ачпаптырда
20.02.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялын артист болбосун куйоон таксист болбосун деген экен.......
20.02.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кенже Дүйшеева эркек эже. Мен аны сыйлайм. Айжамал боюнча маалыматым жок. Бирок Айжамал катуу сүйлөп алыптыр ошого адамдын богу сасык деген кеп бекеринен эмес да. Ушул даражага жеткирген Кенже эжеге рахмат гана айтыш керек ызылдабай.
20.02.2019. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сериал күтүп жаткандар мына силерге жаңы сериал
20.02.2019. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чын эле жолдошу менен жараштыбы супер инфо жаны жылдан кийин айтам деген го сурабайсынарбы же жолдошу Азаматтан. Чын айттыбы же жокбу
20.02.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Айжамалда куноо. Жаштай болуп эле, Кенже эже боюнча маалымат бербейм десе болотко
20.02.2019. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кенженин созу чындык экени айтпаса деле билинип турат. Айла жок экен да Айжамал,Гульнара дегендерге. Кайсы жак ынгайлуу болсо ошо жака кете беришет. Дос пос дегендерди сатып коюп. Кенже эжеге чоон ийгиликтерди каалайм. Сиз кеттиниз Кыз бурактын жыты да жок болду
20.02.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айымдар ынтымактуу,кечиримдүү болгулачы! Дүйнөдө негатив көп азыр ансыз деле! Согушу жок тынч мамлекетте жашап жатканга ыраазы болуп жашайлы. Сирияда, кээ бир Африка континентинен жакыр мамлекеттериндеги элдер кандай гана кыйналып жашап жатышат! Алар курсагы тоюп турса ошого бактылуу! Кылаарга иштериңер калбай калса дагы эмне болуптур. Бири бириңердин көңүлүңөрдү оорутпагыла! Адамдын көңүлү гүлдөй назик! Жакшылыкка ишенгиле! Адамдан жакшы жагын издегиле, жаман жагын издебей.Кечиришкиле чукушпай!
20.02.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sajakat14, туура айттын. Азамат экенсин.
20.02.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айжамал не десе аткарып жургон екен да ошого конуп калыптыр ....))))аткарбай койсо Кенже жаман(((
20.02.2019. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жолдошумду угуп дейби, жолдошу менен жарашканбы
21.02.2019. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janna07,оба жарашыптыр жакында
20.02.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кандай болгон чакта дагы Кенже Дуйшеева тарапта чындык. Айжамал Кабылова Кенже менен тентайлашкандай ким озу. Уну дагы , таланты дагы жок эле кыз. Кенже менен Гульнара Калдарова адам кылып жанына аны алып алышчу эле, эптеп ун коштуруп. Таптакыр тарбиясы дагы жок, акылы дагы жок экендиги мурдатан эле байкалчу. Кенже ким дагы айжамал ким, кичине эки жагын каранып анан тирешпептир да тиги айжамал.
Sayragul түзөттү 2019-02-20 17:57:56
21.02.2019. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Sayragul,жок жанылышасын,Айжамалда ун деген сонун,Кенженин уну анча деле эмес. Оа бирок Айжамал ката кетириптир. Бирок Айжамалда ун да сулуулук да бар
20.02.2019. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кенже кыйын кыз,азаматсың,пендеден үмүт кылба,Аллах берсин сага
20.02.2019. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Алтын курам деп буларды жакшы көрөт болчум эми эч кандай сезим калбады...
үчөөнү бириктирип элге тааныткан Гүлшайыр эжеке ырахмат айтуу керек ал жок абалынар ушул экен го...
20.02.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыныр иш кырк жылда билинет деген ушу.
20.02.2019. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бекер кылдын да айжамал.КЕНЖЕ жакшы дагы бут абийиринди ачып салган жок ушу убакка чейин.
21.02.2019. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Айжамалды баарынар эле жаман коруп алгансынар го. Жизнь бумеранг деп бекеринен айтылган эмес. Кенже озу да Гулшайырдан жуз буруп кеткен. Кенже менен Айжамал окшош даражасы бирдей. Айжамалдын уну жок дейсинер уну болгон учун ушул даражага жетип журот ырдап. Адашса адашкандыр убагында ал озуно сабак болду. Айжамал туура кыласын Кенже эмне десе да ооз ачпай эле кой жеке жашоо сеники. биз чыгармачылыгынды колдойбуз.
21.02.2019. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кенжени Гулшайыр Садыбакасова кантип ушул даражага жеткиргенин жазса чоон том китеп болсо керек...Кенже начар болгону учун Кызбурактын эч кимиси катташпайт..кайдагы корейске окшогон балдарды чогултуп ырдап журот же бир угар ырлары болсочу..аа Айжамалда талант ун деген бар..
21.02.2019. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшылык кылсаң милдет кылба,
Милдет,кыла турган болсоң,такыр жакшылык кылба!!!
21.02.2019. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кенже эн акылдуу кыз Гулшайыр эженин бир эле ашыпкасы кыз буракты Кенжеге бериш керек эле бирок Гулшайыр эже андай кыла албады бирок азыр Кыз бурактын мурункудай авторитети жок.Кенже сага Аллахтан куч кубат берсин уй булоно тынчтык аманчылык каалайм.Айжамал кечирим сурап койсон жакшы болмок Кенжеден.
21.02.2019. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кенже эже алга кыскасы. Айжамал доорумо экен ар кимдин созун угуп ээрчиме турбайбы. А озунун акылы жетпейт экен элементарный нерсеге.
21.02.2019. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенженин ар дайымкы жасаган жакшылыгы конумуш миллет болуп калып жакшылык кылбай койсо жаман атка конгон го. Мин Жакшылык кыл унутулат бир жамандык эсептелет болуп.
21.02.2019. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирөөнүн үй бүлөсүндөгү иштерге аралашкан болбойт да. Кенже айымдын катачылыгы бул!
21.02.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоону тен сахнага алып чыккан Гулшайыр Садыбакасова
21.02.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыландын куйругун Айжамал тепселеп алганго оздоруно Караганда бирок уят силердин бул кылганынар экоон ич ара эле суйлошуп алсанар болмок да элге жарыя болбой шерменде
21.02.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул экөөнө эмне жок.. кечее барда бүгүн жок.. бир жоголуп кетишти элего.. пиярбы децм..
21.02.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Айжамалдын ХХХХ ХХХХ экенин корсок болот. Уят эле. Унун бар бирок ХХХх жетеленме экенсин. Кенже айым «эркек»!!! Респект сизге!!! ХХХХ тебелесен озуно жабышат дейт, таш мн урганды аш мн ур дейт, сиз улуусуз, элдин назарындагы адамсыз жайына коюнуз. Сиз устатынызга тенелген жоксуз ошол учун да сыйлайм!!! Кенже айымды!
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-21 14:03:48
27.02.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ "адам"болгула
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: