Каржы министри Ольга Лаврова: "2013-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоону жогорулата албайбыз"
Учурда ЖКда "Ар бир балага жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүү!" аталышындагы парламенттик угуу өтүүдө. КРнын Каржы министри Ольга Лаврова 2012-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоо 70 пайызга жогорулаганын билдирди. Министрдин айтымында, аталган тармактагы мекемелерде 80 миң бала бар. "2010-жылы билим берүүнү каржылоого 12,8 миллиард сом бөлүнсө, 2012-жылы 21,5 миллиард бөлүнгөн. Анын ичинен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2010-жылы 1 миллиард каражат бөлүнсө, 2012-жылы 1,7 миллиард бөлүнгөн. Белгилүү себептерден улам 2013-жылы аталган мекемелерди каржылоону жогорулата албайбыз",- деди Лаврова.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

