super.kg logo

SUPER TV: "Ылдам, ылдам, ылдам тележка жүрүп барат". Бакыт Байсариев Кайрат Примбердиевди араба менен сүйрөдү

 

SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиев менен шоумен, тамада Бакыт Байсариев борбордогу соода маркеттердин биринде сатуучу-консультанттын кызматын аткарышты.

Жумуш жер-жемиш саткан бөлүмдөн башталды. Алгач каармандарга эмне иш аткаруу керектиги жана кардарларга кандай мамиле жасоо тууралуу маалымат берилди. Алардын милдети - азайып бара жаткан жер-жемиштерди толуктоо, тизүү, сатып алуучуларга жардамдашуу.

Өздөрүнө берилген тапшырманы так аткарууга аракет кылган мырзаларды кардарлар таанып, ал тургай маекке да тартып жатышты. Каармандар да өз кезегинде сатып алуучуларга ыр сунуп, шаңдуу маанай тартуулашты.

Иш үстүндө оюн куруп, кээде бийлеп, маркеттеги элди таң калтырган Кайрат Примбердиев менен Бакыт Байсариевден кандай сатуучу чыга турганына кызыксаңыз, төмөндөгү видеоматериалга баш багыңыз.


кошулду





"Ылдам, ылдам, ылдам тележка жүрүп барат". Бакыт Байсариев Кайрат Примбердиевди арабада сүйрөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: