super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-ФЕВРАЛЬ: Орусиянын Эл артисти Николай Расторгуев 62 жашка толду

 

“Любэнин” жетекчиси, Орусиянын Эл артисти Николай Расторгуев 62 жашка толду. Ал 1957-жылы 21-февралда Москва шаарына жакын жайгашкан Быково шаарчасында Вячеслав жана Ольга Расторгуевдердин үй-бүлөсүндө төрөл­гөн.

Жашынан музыкага кызыккан болочок ырчы мектепте гитарада кол ойнотуу жагынан эч кимди алдына чыгарчу эмес. Муну менен катар окуу жагын да унутта калтырбаган Николай Расторгуев мектепте жалаң "5" деген баага окуган. Ошол эле учурда кээде сахнага чыгып ырдап да койчу.

Мектепти аяктаган соң ал жакындарынын берген кеңештерине баш ийип, Москва технологиялык институтунун жеңил өнөр жай тармагына тапшырат. Ошол кезде эле "Алты жаш адам", "Ырларга салам" деген вокалдык аспаптар ансамблдеринде иштеген.
1989-жылдын 14-январында “Любэ” тобу түзүлгөн. Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көп­чү­лүктүн көңүл борборунан орун тапкан.
21-февралга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: