super.kg logo

Ырчы Нурбек Савитахунов: "Балабыз өз алдынча заара кылып калуусу үчүн 2 жылдан ашык күрөштүк"

 

Кыргыз эстрадасында "Малышка Би", "Беги за ней" ыры жана "Жатакана" сериалындагы ролу менен таанылган ырчы Нурбек Савитахуновдун уулу оорудан улам жардамга муктаж экенин буга чейин жазганбыз. Ырчы жана анын жубайы актриса Альбина Бейшембиева уулу Артурдун аутизм менен жабыркай турганын айтып чыгышкан. Нурбек Савитахунов аутизм жашыра турган оору эмес экенин, ал балада билинсе коомчулуктан катып, ого бетер баланы жок кылып албоо үчүн оору менен колдон келишинче күрөшүү керек экенин айтып видео кайрылуу жасады.

"Үй-бүлөмдөгү оор абал тууралуу айтуу мен үчүн оңой эмес, бирок бул көйгөй тууралуу унчукпай коюуга мүмкүн да эмес. Оорубаган балдардын ата-энелери жана "өзгөчө" балдардын ата-энелери менимче, бул тууралуу билиши керек. Көйгөйгө кабылган ата-энелер өздөрүндө жаралган оорчулукту сырткы чөйрөдөн катпашы керек.

Мен Нурбек Савитахунов, мен аутизм менен жабыркаган баланын атасымын. Менин баламдын аты Артур, ал 4 жашка толот. Кичинекей Артур эрте жашында эле китептерди сүйчү, алфавитти, санаганды жакшы көрчү, жөнөкөй сөздөрдү колдонуп, эки тилде биз менен сүйлөшчү. Бирок 6 айдан өткөндөн кийин өзүнүн "кичинекей дүйнөсүнө" кетип калды. Ал сырткы чөйрө үчүн таң калычтуу көрүнгөн өзгөчө жүрүм-турумга ээ боло баштады. Мисалы, бир эле кыймыл-аракетти тынымсыз кайталай берүү, бир эле сөздү кечке кайталоо... ал кайталоодон такыр чарчачу эмес. Балам кыйкырып, ыйлап, ызы-чуу сала баштады. Айланадагы курчап турган чөйрөгө такыр эле көңүл бурбай калды. Артур 3 жашка чыкканда жубайым Альбина экөөбүздүн уулубуздун ооруй тургандыгы тууралуу шек санообуз тастыкталды. Дарыгерлер Артурга аутизм диагнозун коюшту. Көңүл буруунун жетишсиздиги, гипперактивдүүлүк, көп нерсени көтөрө албай калуу, организмдин бузулушу... Биз мындай көйгөй менен биринчи жолу кез келишип жаткан жаш ата-эне катары аутизм тууралуу бир гана нерсени билчүбүз - ал аутизм айыкпайт деген маалымат. Бардык жерде аутизм айыкпайт деп айтып келишет. Биз муну билебиз, бул нерсеге деле моюн сундук, бирок аутизмди басаңдатууга болот!

Эгерде реабилитацияга эрте жашында аракет кылып баштаса, анда кичинекей адамды өспүрүм же чоңоюп калган жашына чейин коомго кошууга мүмкүн. Биз Артурду мындай тагдыр күтүп турушун каалаган жокпуз. Ошол себептен дароо кайра калыбына келтирүүгө кадам таштадык. Акыркы жылдары өзүбүз үчүн өтө чоң сезилген ийгиликке жеттик. Бирок биз үчүн ийгилик болуп саналган нерселер башка ата-энелер үчүн жөнөкөй эле көрүнүштөр болушу мүмкүн. Алсак, мисалы, өз алдынча горшокко отуруу, атын атасаң көңүл буруп кароо, адамдын көзүнө тике кароо - мунун баары элементардык майда нерселер болушу мүмкүн. Бирок биз үчүн - бул чоң жеңиш! Анткени акыркы жылда уулубузда башка балдардан өзгөчөлөнгөн адаттары кала элек. Мисалы, гипперактивдүүлүк, олдоксондук бар, нан, таттуу жей албайт, сүт иче албайт, тактап айтканда, биз ичип жеп жүргөн жөнөкөй азыктарды жей албайт.

Биз көйгөйүбүз тууралуу унчукпай коюуну токтоттук. Муну менен катар биз сиздерге кайрылууну чечтик, урматтуу жардам берүүнү каалаган адамдар! Көйгөй бизде гана жаралып жаткан жок. Биздей ата-энелер көп. Мен санап өткөн оорчулуктар биздин кичинекей үй-бүлөбүзгө гана тиешелүү. Бул көйгөй глобалдуу башка көйгөйлөрдүн тамчысындай да болбошу мүмкүн. Артурдун ата-энеси катары биз уулубузга колдон келишинче жардам кылууну токтотпойбуз.

Аутизм менен балдары жабыркаган ата-энелерге эч качан көйгөйгө багынбагыла демекчимин. Балдарыңарды үйгө катпагыла, аутизмди жеңсе болот, биз сиздер мененбиз", - дейт Нурбек Савитахунов.

Артурга жардам берүү жолдору:

Алуучу банк: "Сбербанк", Орусия
Алуучу: Савитахунов Нурбек Жылдызбекович
Картанын номери: 4276 3801 2374 2038
Эсеп номери: 40820 810 9 38053102469
БИК: 044525225
SWIFT: SABRRUMM
Correspondent Account: 30101810400000000225
KPP: 773601001
INN: 7707083893

Алуучу банк: ОАО "Оптима Банк", Кыргыз Республикасы
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Эсеп номери: 1091 8220 0018 0171
Картанын номери: 4169 5853 4927 2699
БИК 109018

Алуучу банк: "РСК Банк", Кыргыз Республикасы
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Эсеп номери (номер белгиси): 000001617718
Картанын номери: 4724 1489 9136 5721

Алуучу банк: "KICВ Банк", Бишкек шаары
Алуучунун эсеби: 1280096052819310 (сом)
Бейшембиева Альбина Уланбековнанын атына

ЭЛСОМ капчыгы 0555313770 KICB`ге байланган.

Demir Bank, Albina Ulanbekovna Beishembieva
Beneficiary account: 1180000120508562 USD
Beneficiary BANK SWIFT - DEMIKG22

Алуучу банк: "Демир Банк"
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Алуучунун эсеби: 1180000120508461 (сом)
БИК: 118005

Картанын номери: "Демир Банк": 4215 8901 1028 5902
Алуучунун аты-жөнү: Albina Beishembieva






Нурбек Савитахунов аутизмди жашырбоо керек экенин айтып чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.02.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да азыр кызыма кандай жардам кылышты билбей айлам кетип жатат. Озу тендуулордон бир топ эле артта калганы ,башка балдардай суйлой албаганы журогумду оорутат. Бирок мен ишенем Аллах мага мага бул сыноону артында жакшы кундору мн берип жатат, Аллахтын каалоосу менен менин кызым да башка дени сак балдардын катарына кошулат деп ишенем. Силердин уулунарга да жакшы болуп кетишин каалайм.
21.02.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздерге чон рахмат.Аллахтын берген сыноосу.Баарыныздарга ден-соолук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: