super.kg logo

"Кызымдын өмүрүн сактоо үчүн болгон мүлкүмдү сатып, эч нерсем калбай калды". Оор дарт менен алышкан 5 жаштагы Мадина жардамга муктаж

 

"Апа, мен чоңойгондо көп балалуу болгум келет. Кийин балдарым менен сизден кабар алганы келип турам”.

Бул 5 жаштагы Мадина Эмилбекованын сөзү. Анын жашоого болгон үмүтү зор. Мүнөзү шайыр, эстүү, зирек кыз. Тилекке каршы, бир жарым жылдан бери оор дарт менен алышып келет.

Апасы Дилфуза Исламова үч баласын жалгыз тарбиялап келе жатат. Ал кызынын ден соолугу үчүн болгон мүлкүн сатканын айтат. Эч нерсеси калбай калганда кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүнүн органдарын сатууга да даяр болгон. Бирок кызы үчүн жашашы керектигин түшүнүп, учурда элдин жардамына муктаж болууда.

БАШЫНДА ТУУРА ЭМЕС ДИАГНОЗДОР МЕНЕН ДАРЫЛАНЫП ЖҮРҮПТҮРБҮЗ

- 2017-жылдын сентябрь айында тумоолоп калганда дарыгерге алып баргам. Ал 7 күнгө дарыларды жазып берген эле. Кызым дарыны 3 күн ичкенден кийин денесине кызыл тактар чыгып кетти. Кайра алып барсам дарыдан аллергия чыкканын айтып, башка дары жазып берди. Анысын берген сайын кызымдын абалы оорлошо баштады. Буттарына көк тактар чыгып, жыгылса эле денеси көгөрө берди. Башка врачка алып барсам ал оорусу кандан болуп жатканын айтты. Андан кийин кан анализин 3 күн дегенде араң тапшырдык. Ошол күнү калтыратма болуп, жандандыруу бөлүмүнө жатып калдык. Кийин идиопатикалык тромбоциттик пурпура деген диагноз коюлду. Ошентип 4 ай ошол диагноз менен дарыландык. Бирок кызымдын абалы оорлошо берди. Анан кандын рагы - курч лимфолбасстык лейкоз деген акыркы диагноз коюлду. Башында эле лейкоз болгон экен, туура эмес диагноздор менен дарыланып жүрүптүрбүз.

БОЛГОН МҮЛКҮМДҮ САТЫП, АЗЫР ЭЧ НЕРСЕМ КАЛГАН ЖОК

- Диагнозу аныкталгандан кийин жума сайын химиотерапия ала баштадык. Индиядан келген врачтарга кызымдын анализдерин жөнөткөнбүз. Алар кызымдын кан пайда кылуучу органдарын, сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу зарылдыгын айтышыптыр. Операция жасоо үчүн 40 миң доллар керек экен. Кызым ооруп баштагандан тартып акча тартыштыгы башталды. Болгон мүлкүмдүн баарын саттым. Эч нерсем калбай калып, айлам кеткенде ички органымды сатуу да оюма келди. Бирок кызымдын өмүрү үчүн күрөшүүм керек болуп жатат. Азыр кызымды караган дарыгер химиотерапиядан кийин жакшы жакка жылыш бар экенин айтты. Жумасына 15 миң сомдун тегерегинде каражат кетип жатат.

КЫЗЫМ "ДАРЫ ИЧҮҮГӨ УБАКЫТ КЕЛДИ" ДЕП ЭСКЕРТИП ТУРАТ

- Күнү-түнү кызымдын айыгып кетишин тилейм. Көп ойлордон улам депрессияга кабылдым. Дары иче турган маалда өзү келип "дары ичүүгө убакыт келди, дарымды бер" дейт. Атасы кызыбыздын дартын көтөрө алган жок. Таштап кеткенден кийин 3 баланы өзүм карап жатам. Мадина да көргөнүн жасайт экен. Жүз аарчыны жерге жайып, намаз окугандай отуруп алып дуба кылат. Тамактанып жатканда бир туугандарына да "мени батыраак айыгып кетсин деп бата кылгылачы" деп суранат. Кээде тажайт окшойт "апа, врачка телефон чалып, кызым айыгып калды деп койчу" дейт. Кичинекей балдарды жакшы көрөт. Ошого "мен чоңойгондо көп балалуу болгум келет. Кийин балдарым менен сизден кабар алганы келип турам” деп калат. Дарылары ичин көптүрөт. Ошол учурда да "апа, бол мени ооруканага алып бар, мен бала төрөйт окшойм" дейт. Кызымдын тамактануусуна да көңүл буруу зарыл. Витаминдүү азыктарды жеши керек. Кээде чырлуу, кээде жайдары болуп калат. Ойноп-күлө турган убагында оор дарт менен алышып, балалык доорун татыктуу сүрө албай жатканына өкүнөм.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Апасы Дилфуза Исламова.
"Финка банк". Алуучунун эсеби: 1380206000759276
"Сбер банк": 4276 3801 2337 1481
Алуучу: Абдуллаев Толкунбек Абдумиталипович

Элсом: 0774 012 804





"Кызым айыксын деп бүт мүлкүмдү саттым, эч нерсем калган жок" дейт Мадинанын апасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.02.2019. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
АЛЛАХЫМ шыфаасын берсин. Аллактан умутту узбош керек Аллах мээримдуу зат. Эже сизге Сабыр тилейм, жакшы кундор алдыдадыр Иншаллах!
23.02.2019. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ананайын ширин кыз АЛЛАХ шыпаасын берип айыгып кет кичинекей периште
23.02.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура эмес диагноз койгондорду сотко бериш керек,мамлекет Бекер даарылап бериш керек.
23.02.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эчкимдин баласы оорубасын эээ АЛЛАХЫМ....
23.02.2019. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаасын берсин балдар оорубасын
23.02.2019. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садага болоюн ширинтай,батыраак сакайып кетишинди Аллахым насип кылсын,бактылуу кылсын Аллахым сени,аминь!!!
Медиа-портал
24.02.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сбербанк картасы жок бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: