super.kg logo

Кыргыз мигранттары тууралуу тартылган сериал эл аралык фестивалга катышары айтылды

 

Кыргыз жараны тууралуу тартылган Орусиянын “Идентификация” сериалы эл аралык Series Mania фестивалынын негизги сынагына катышат. Бул тууралуу "Афиша Daily" басылмасы жазып чыкты.

Тасманын сценаристи жана режиссёру - Владлена Санду. Ал буга чейин бир канча кыска метраждуу тасмаларды тарткан. "TNT-Premier" студиясынын чоң долбоору болгон 8 сериялуу “Идентификация” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 27-мартта Франциядагы Лилль шаарында өтөрү айтылды.

Баш каармандын ролун аткарган Лера кыргыз улутундагы мыйзамсыз мигранттардын катарындагы үй-бүлөдө жашайт. Ал кичине кезинен ата-энесиз, үй-жайсыз чоңойгон. Лера жетекчиси Бакирдин үйүндө жашап базарлардын биринде сатуучу болуп иштейт. Ошол учурда Бакирдин иниси Аман менен да жолугуп жүрөт. Лера менен Амандын үйлөнүүсүнө каршы болгон Бакир аз күн өтпөй киши колдуу каза болот. Фильмдин жүрүшүндө кылмышка шектелген Кыргыз жараны Леранын ким экени көрүүчүлөр үчүн тасманын аягына чейин сыр болот. Сериалдагы сүйлөшүүлөрдүн жарым бөлүгү кыргыз тилинде тартылган. Кошумчалай кетсек, сериалдан режиссёр Эрнест Абдыжапаровду да көрүүгө болот.

Эрнест Абдыжапаров сериалда Бакир менен Амандын атасынын ролун аткарат. Ал сериал тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"Сериалдын биринчи бөлүгү тартылып бүткөн. Калган бөлүктөрү жай мезгилинде тартылат. Тасмада Лера деген орус кыздын окуясы баяндалат. Бүгүнкү күндө Москвада кыргыз мигранттар көбөйүп кеткени баарыбызга маалым, орустар дагы аларга көнүп калды. Сериалды тартуу тууралуу бизге сунуш түшкөндө бардык жактарын карап чыктык, анткени жоолук салынган, мусулман үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырып жаткандыктан тасма аркылуу кыргыз элине жаман сөз тийбеши керек да. Мунун баарын тартуу учурунда көзөмөлдөп жаттык. Калган серияларынын сценарийин бизге жөнөтө элек. Эгер сценарий бизге жакпаса аны өзгөртүүгө укугубуз бар", - деди Абдыжапаров.

Режиссёр сериалдын бет ачары жана эл аралык фестивалга катышып жаткандыгы тууралуу кабары жок экендигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: