super.kg logo

Эки колунан ажыраган жоокердин соттук иши. Жалал-Абад облустук соту командирдин орун басарын актады

 

Майлуу-Сууда кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген Руслан Сапарбаевдин иши Жалал-Абад облустук сотунда каралды. Анда сот командирдин орун басарын актап, ал эми чарба иштери боюнча жетекчини бир жылга шарттуу кести.

Буга чейин Майлуу-Суу шаардык сотунун чечими менен аскердик бөлүктө иштеген эки кызматкер үч жылдан шарттуу кесилген. Шаардык соттун чечимине каршы экенин билдирип, алар облустук сотко кайрылышкан.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 2018-жылы 7-августта Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип, токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген. Учурда үйүндө дарылануусун улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: