super.kg logo

"Мунабия" тасмасы Орусиянын "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү

 

Казат Акматовдун "Мунабия" аңгемесинин негизинде тартылган тасма Орусиянын "Ника" киносыйлыгына көрсөтүлдү. “Ника” кинематографиялык искусство академиясынын сайтында номинанттардын тизмеси жарыяланды.

Тасма “Балтиянын жана КМШнын мыкты тасмасы” номинациясынын алкагында катышууда. "Мунабия" тасмасы менен катар бул номинацияда Өзбекстандын "Берлин-Аккурган", Казакстандын "Дүйнөнүн мээримдүү кайдыгерлиги", Молдованын "Сонун коррупция", Беларусиянын "Хрусталь" тасмалары да бар.

"Мунабия" Таалайбек Кулмендиевдин режиссёрлугу менен тартылган. Тасмада Мунабия аттуу кыздын окуясы чагылдырылган. Ал өзүнүн сүйүүсүн сактап калуу үчүн канчалаган сыноолорду баштан кечирет. Аталган каармандын ролун актриса жана модель Мээрим Атантаева жараткан.

"Мунабия" фильми 2018-жылы Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында баш байгени жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алган.

32-жолу уюштурулуп жаткан "Ника" сыйлыгын тапшыруу аземи Москвада 30-мартта өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: