super.kg logo

Бишкек ШИИББи "Милиция кызматкери 11-класста окуган кызымды зордуктап, күнөөсүн моюнуна албай жатат" деген факты боюнча билдирүү таратты

 

17 жаштагы кызымды милиция кызматкери зордуктап койду деген билдирүү боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөндөгүдөй билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине А.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Бакыт аттуу белгисиз адам 2018-жылдын май айында унаасына жашы жете элек кызды салып алып зордуктап койгону тууралуу айткан. Ал эми ошол эле жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

"2018-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарынын прокуратурасынын буюртмасы менен райондук прокуратура Бишкек ШИИББине иликтөө иштерин андан ары улантуу үчүн өткөрүп берген. Жабырлануучу деп эсептелген кызга жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, кызды текшерүүдө денесине эч кандай оор жаракат келтирилбегендиги аныкталган. Мындан соң кылмыш ишин иликтөө токтотулган. 2019-жылдын 20-февралында Бишкек шаарынын прокуратурасы мурда токтогон иликтөөнү жокко чыгарып, 20-февралда Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына иликтөө тапшырмасын берген".

Азыркы учурда Бишкек ШИИББинин тергөө тобу ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
01.03.2019. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карга карганын козун чукубайт кылбай жакшы иликтеп бергиле.
01.03.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Денесине оор жаракат келтирбеген деген соз: кыздын макулдугу менен дегенге жатабы? Андай болсо жашы жете элек мн байланышса боло береби?
02.03.2019. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargis, 17 жаш кыз болуп жатпайбы, эч нерсе болбойт закон боюнча
01.03.2019. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балык башынан сасыйт
Башка соз жок
01.03.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Залака келтирбей зордуктаса боло береби ошондо
02.03.2019. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура карап адилет чечим чыгарсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: