super.kg logo

Бишкекте бала сатып жаткан учурда кармалган аялдар №4 төрөткананын жана Улуттук госпиталдын кызматкерлери болушкан

 

Бишкекте бала сатууга шектелген үч аялдын бири №4 төрөт үйүндө иштесе, дагы бири Улуттук госпиталдын кызматкери болушкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр баласынан баш тарткысы келген келин менен алдын-ала сүйлөшүп алышкан. Алар келинди баладан расмий баш тартпа деп макулдашып, ал үчүн 20 миң сом убадалашкан. Жаш эне менен наристе ооруканадан чыккандан кийин ижарага алынган борбордогу батирге жеткирилип, ымыркайды сатканга кардар издей башташкан.

Биринчи Май РИИБи менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам ишинде бала саткан кызматкерлер алгачкы төлөм акчаны алып жатышкан жеринен кармалышкан. Бул кабарды уккан батирдеги эне жана бир кызматкери эшикти ачпай бекитип алышкан. Мындан улам укук коргоо кызматкерлери ӨКМнын куткаруу кызматын чакырып, эшикти бузуп киришкен.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, №4 төрөткана текшерүүгө алынууда. Ошондой эле ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Бишкектин Биринчи Май РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө баланы сатып жаткан маалда 1988-жылы туулган М.Н., кылмышка катыштыгы бар 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
28.02.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала сатуу озунчо эле бизнес болуп калдыго тороткана кызматкерлерине
28.02.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктан билип алышты
28.02.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип?Кантип?Бала бакыт.Ошончо кыйналып төрөп,20мин?!Эх акмак аял экенсиң!Аял эмес,акмактын акмагы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: