Ош жана Талас облустарында жер титиреди
28-февраль күнү жана 1-мартка караган түнү өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, алгач жер титирөө 28-февраль күнү саат 10:55те Ош облусунун аймагында орун алып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга, Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Ал эми экинчи жер титирөө 1-мартка караган түнү саат 02:06да Талас облусунун аймагында орун алып, күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Талас районунун Коргон айылында 2,5 баллга, Бир-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nanei

01.03.2019. 17:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таласта Бир булак,Коргон деген айылдар жок айланайындар. Жазардан мурун картадан карап тактап алсанар боло. 21 кылым го. Сасык булак,Талды булак,уч коргон деген айылдар бар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.