super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берилсе өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетет"

 

Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштаганы коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.

"Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу", - деди ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин өкүлү Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Эгемендүү өлкөгө мындай демилге туура келеби?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.

Ал депутаттар, саясатчылар ойлонуп сүйлөш керек деген пикирде.
“Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берсек анда президенттин, өкмөттүн, парламенттин, Конституциянын эмне кереги бар? Эгемендүү мамлекетке мындайдын зарылчылыгы жок. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө ылайык келбейт. Өлкөнүн түштүк облустарына Өзбекстан менен Кытайдын туулары, түндүк облустарга Казакстандын туусу илинип калышы мүмкүн. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө доо кетет. Ошондуктан мындай билдирүүлөрдү сүйлөп жатканда саясатчылар, депутаттар ойлонуп сүйлөш керек”, - дейт депутат.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочу Рита Карасартова жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: