super.kg logo

Сокулукта кымбат баадагы телевизор, ноутбуктарды уурдап жүргөн деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды

 

Сокулукта эки уурулук фактысына шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 2-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, милицияга 44 жаштагы П.Р. аттуу Сокулук районунун тургуну кайрылган. Ал 31-январда саат 10:00 менен 15:00 аралыгында белгисиз адамдар анын үйүнө терезе аркылуу кирип, кымбат баадагы компьютер жана телевизорун уурдап кетишкенин айткан. Ал 200 миң сом зыян тартканын билдирген.

Ошондой эле арыз менен аталган райондун жашоочусу 48 жаштагы К.Т. да милицияга кайрылган. Ал дагы 31-январда күндүз уурулар кирип 23 миң сомдук ноутбук, 35 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетишкенин айткан.

Факты боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунда туулган 26 жаштагы К.Э. кармалган. Шектүү 2018-жылы да уурулук боюнча кармалып, бирок жабырлануучуларга чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулганы маалым болду. Ал көбүнчө телевизор, ноутбук, компьютерлерди уурдап жүргөн деп айтылып, анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2019. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанин чыккан тирик ушудан коро адал иш таап иштебейсиби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: