ЭЛДИК КАБАР: Ошто бала бакчада тарбиячыга белек берүү үчүн акча чогултуп жатышканын айткан окурман нааразычылыгын билдирди
Ошто Жапалак айыл өкмөтүндөгү бала бакчада тарбиячыга белек берүү үчүн акча чогултуп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.
"Тарбиячылар уялбай эле майрамга акча чогултуп калышкан. Балдарга тамак-аш, кийим-кече алып бергенди араң эптейбиз. Майрам деп акча чогултушканы ашыкча. Бербесең балаңа жакшы мамиле жасабайт. Акчаны ата-энелер комитети чогултуп жатат деп астына жазып коюшат, бирок өздөрү эле жазат. Ар майрамда ушундай. Иштеп акча тапкандарга билинбейт. Иши жок, араң тиричилик кылгандарга кыйын эле болуп жатат", - деп нааразычылыгын айтты.
Окурман жөнөткөн катта мугалимдерге майрамдык маанай тартуулоо максатында каражат топтолуп жатканына байланыштуу тарбиячыга белек берүү үчүн 100 сом, жардамчысына белек берүү үчүн 50 сомдон чогултулуп жатканы жазылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






кечээги беш балалуу мусор терип баккан
келинге окшогон үй бүлөөлөр бере албайт,элдер
жыргап жашап жатат дейт окшойсуң!!!
Колунда жок дагы бир айым чыгарды да муну .
Азыр бала бакчада айлыкты жакшы төлөйт. 12 миңден жогору
Ата энелер комитети кобунчо колунда бар адамдар болот дегенинизге кошулбайм. Биздин садикте ата энелер комитеттери бай эмес эле жонокой эле ата энелербиз.
Олкодо жашоо-турмуш жакшы болсо жаштардын дарымы талаалап тентип кетмек беле, ошону ойлонбойсунбу башты иштетип?!!
Эми, кыйын эсептегич болсон эсептечи, куйоосу орт очургуч же мугалим болуп айына 15мин сом тапса, аялы санитарка болуп 5000 сом тапса, 2 баласы мектепке, 1 баламы садикке барса, 20 мин сом менен кантип жашаса болот?!! Ар бир баласынын кийим-кече, тамак-ашынан артырып топтомойлорго акча бере алабы?!!
Сен кыйын эсепчисин го.....
Кашык, вилка, чака чайнек, карандаш пластлин, килем, пылесос ж.б...
Супер инфо ушуну тактап бере аласынарбы мамлекеттик балабакчага ата энелер алышы шартпы же окмот алыш керекпи
Ошол себептуу акча топтомойго караманча каршымын...
Анан да мектептен, бала бакчадан ай сайын бир шылтоо менен топтомойлор.
Сен турмушта коргондон коро элегин коп экен, кичине чоной карындашым, анан жазып жур...
Же мугалим, санитар, медсестра, уборщица ж.б. болуп Россиядан орустар келип иштеп берип жатышабы ыя?!!
Озунор Россияга барып орустардын короосун шыпырып, подьезд, туалеттерин жууп, тамагын кылып тапкан акчанарга кооп жатасынарбы ыя, акчалуу корунуп?!!
Ушинтип сасып ушак чыгаргандан коро тарбиячынын ордунда Бир Кун иштеп коргулочу билесинер ишинин оордугун.Мен садиктен баламды алып чыгып кеткиче балдардын ызы-чуусуна чыдабай башым ооруп кетет.Рахмат ошол тарбиячыларга эртеден кечке биздин балдарыбызды карап ,тарбия берип,билим берип жатканы учун.
Жогоруда бирөө жазгандай самоордон аш жегени убактым жок Ошто жашасам дагы.