super.kg logo

"Телефонум бузулуп калды, сиздикинен чалып алайынчы". Бишкекте телефон уурдоого шектүү кармалды

 

Бишкекте жарандын телефонун "бирөөгө чалып алайынчы" деп сурап алып, бербей качып кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"2018-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын тургуну "өзүмдүн телефонумду бузуп алдым, бирөөгө чалып алайын, телефонуңузду берип туруңузчу" деп кайрылган белгисиз адам аны уурдап качып кеткендиги тууралуу айтып милицияга арыз жазган. Мындан улам арыз ээси 15 миң сом өлчөмүндө зыян тартканын айтат. Свердлов РИИБи каттоого алынган факты боюнча издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы А.у.Ж. аттуу жаранды колго түшүрдү. Ал буга чейин ушундай эле "алдамчылык" беренеси менен соттолгону аныкталды. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.03.2019. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болду эми эч кимге бербейм телефонду
06.03.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А,у, Е дебей эле аты жөнүн толук жазаберсеңер болбойбу, ананда эмне үчүн көзүн жабасыңар, силер эмне ал адам ууру экенине күмөнүңөр барбы же коркосуңарбы? Силер ардайым кылмышкердин атын баш тамгаларын жазып туруп сүрөтүндө болсо көзүн тосуп койосуңар, биз кайдан билебиз чын төгүнүн эгер силер ачык айталбасаңар!
06.03.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamirbek_77,андан да кызыгы өткөндө эле ушул баладан жабыр тарткандар болсо кайрылгыла деп жүргөн. Көзүн жаап койсо кайдан таанып, кайрылат. Анын үстүнө бир көргөн адамды анык эстеп кала албайсың, жалдыраган көзү гана эсиңде калышы мүмкүн.
06.03.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamirbek_77, ошондой эрежелер бар. Озунчеле акылдуу боло бербейли.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: