super.kg logo
  Саясат  

Айлык акы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты менен "Кыргыз алтындын" башчысы кайым айтышты

 

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин "Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроосунан кийин депутат менен ишкана жетекчисинин ортосунда кайым айтыш жаралды.

"Кыргыз алтындын" башчысы жыйында эмгек акы талкууланбашы керектигин, маселе коммерциялык экенин айтты.

"Мени менен айтышпаңыз. Мамлекеттин үлүшү болсо биз сураганга укугубуз бар. Ар кайсы алтын кендерин карап, акча алып жатасыздар", - деди депутат.

Кожобек Рыспаев "Кыргыз алтындын" жетекчилигинин айлыгы жогорулатылган суммада экенин айтып чыккан. Анын айтымында жылдык айлык акысы 16 миң долларды түзөт. Алмаз Алимбеков Centerra Gold компаниясындагы директорлор кеңешиндеги Кыргыз өкүлдөрүнүн айлыгы 10 миң долларга жетпей турганын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: