super.kg logo

Казакстанда сүйлөшкөн кызын зордуктап качып жүргөнгө шектелген жаранды ИИМ Кыргыз өлкөсүнөн издеп баштайт

 

2017-жылы Казакстанда сүйлөшкөн кызын зордуктоого шектелген жаран эркиндикте жүрөт. Бул тууралуу Дина Тансари аттуу колдонуучу интернеттеги баракчасына жазды.

Ал "Кооптуу кылмышкер Шокан Абылкасымов эркиндикте жүрөт. Полиция аны кармоого аракет кылбай жатат. Жабырлануучуга чалып, социалдык тармактардан жазып коркутуп жатат. Полиция аны Кыргыз өлкөсүндө жүрөт деп божомолдоп жатат" деген билдирүү калтырган.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын 23-июнунда Астана шаарында Саина Раисова аттуу жаранды эки бала зордуктаган. Аны мурдагы жигити Шокан Абылкасымов үйүнө конокко чакырган. Кыз айтылган дарекке барганда мурдагы жигити жана анын досу зордуктаган. Ал качып кутулуу максатында көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан секирип, денесинин көп бөлүгү сынып, ар кандай жаракаттарды алган. Бул окуя боюнча Саина Раисова арыз жазып шектүүлөрдүн бири 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчи кылмышкер дале кармала элек.

Интернеттеги билдирүүлөрдөн кийин Кыргыздын Ички иштер министрлиги зордуктоого шектелген жаранды издей турган болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Издөөдө жүргөн жаран тууралуу Кыргыз тарапка расмий билдирүү түшкөн эмес. Мындан улам Кыргыз ИИМи Казакстанга кайрылуу жөнөткөн. Шектүү эл аралык издөөдө жүргөнү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: