super.kg logo

Бишкекте тепловоз эркек кишини сүзүп кетти. Милиция анын ким экендигин аныктоо үчүн жардам суроодо (абайлаңыз, сүрөт)

 

Бишкекте болжолдуу түрдө 45-50 жаш курактагы эркек кишини тепловоз сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 4-март күнү таңкы саат 4:17 чамаларында милицияга Аламүдүн станциясына жакын жерде тепловоз бир адамды сүзүп кеткени боюнча маалымат түшкөн.

Ал жакка барган милиция кызматкерлери темир жолдон эки метрдей алыс жерден болжолдуу түрдө 45-50 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Ошол замат эмнеден улам каза болгонун аныктоо үчүн ал адамдын жансыз денеси Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жиберилген.

ИИМ каза болгон адамдын аты-жөнү белгисиз болуп жаткандыктан ким экенин аныктоого жардам сурап кайрылды.

Каза болгон адамдын бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кыска, кара түстө болгон. Үстүндө көк түстөгү куртка, көк түстөгү жемпир, кызыл түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Жогорудагы адамдын аты-жөнүн билсеңиздер же дагы башка маалыматка ээ болсоңуздар ИИМдин 0702 10-27-02, 0312 35-12-70, 0701 35-12-70 телефон номерлерине чалып кабарлап койсоңуздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.03.2019. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журок зыркыратат го акыркы кабардын баары((
07.03.2019. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо кантип туугандары тапсын??? суроту болсо таанылса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: