super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Айыл чарба министрлигинин ишине нааразычылыктар көп болуп жатканы айтылды

 

Депутат Сайдулла Нышанов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине нааразычылыктар көп болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Айыл чарба тармагында кандайдыр бир жылыштарды жасашыбыз керек. Министрликтин ишине нааразычылыктар көп, чече турган көйгөйлөр да арбын. Биз өткөн жылы орун алган көйгөйлөрдөн туура жыйынтык чыгарып, анан алга жылууга тийишпиз. Эмне үчүн элибиз аталган министрликке жийиркенич менен карайт? Эмнеден улам мындай болууда?" - деп сурады.

Министр Нурбек Мурашев: "Картошка сыяктуу айрым айыл чарба өнүмдөрү экспортко чыкпай, баасы түшүп, дыйкандардын аракети акталбай калды. Мындан улам ушундай пикир жаралууда. Азыр жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлүп жатат", - дейт.

Учурда өкмөт Жогорку Кеңешке жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: