super.kg logo

Москвада Кыргыз жеринен барган 23 жаштагы келин өзүнүн 6 күндүк кызын бир миллион рублга сатып жаткан жеринен кармалды

 

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жеринен барган 23 жаштагы келин өзүнүн 6 күндүк кызын бир миллион рублга сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы 6-мартта өлкөнүн Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгынын расмий өкүлү Юлия Иванованын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы келин интернетке жаңы төрөлгөн ымыркайын багып алуучуларды издеп жарыя калтырган. Анда ымыркайды 1 миллион рублга бере турганы жазылган.

5-март күнү ал Москвада ижарага алган батиринен кызын сатып алгандардын колуна берип, акчасын алгандан кийин кармалган. Сурак учурунда эне күнөөсүн моюнуна алып, бул кадамга материалдык кыйынчылыктан улам барганын айткан. Ымыркай медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин ал балдар үйүнө өткөрүлүп берилмекчи.

Учурда факты боюнча Орусиянын мыйзамдарынын негизинде кылмыш иши козголгону белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
06.03.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бироого зар дуйно, бироого кор дуйно.
mirbek2211 түзөттү 2019-03-06 21:32:52
06.03.2019. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир жагынан бири Кыргызстанды жакшы коргозуп атса,биягынан бироо шерменде кылып турат обьязательно....
06.03.2019. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur777,туптуура
06.03.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Алданып калыптыр элчилик аракет кылып кызыбызды кайтаралы
07.03.2019. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элчилик аракетинерди коргуло,лялька апасы менен болсун байкуш,эне сутуно тоюп эмип,ысык кучагында жатсынчы(((.Апасы жаштык кылыптырда каап...
07.03.2019. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орустарга ишенич жок! каратып туруп сатып кетет сак болгулачы!
07.03.2019. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балага зар болгон адамдарга берип коюшса сооп болмок. Жашсын дагы тороп аласын дешкен го бир болсо. Эх бир кем дуйно, алданып калган кыздыр балким. Баланы алдырып салбай жарык дуйного алып келиптир акылдуу эле кыз окшойт. Каяктагы балдар уйундо атасыз энесиз оскончо алган адамдар бакканда мээрим менен чонойсо керек эле деп ойлойм.
07.03.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Stervashka, баасын жазбай эле берсе болмок. Сатылгыдай товарь беле. Кармагандар деле ошонусу үчүн кармашты болуш керек
07.03.2019. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кантип иии!Мен жакында эне болом буюрса.Ичимде кыймылдап жатканын сезип чексиз бактылуу болом.Келечегин кыялданып жиберем.Бул жаш кызды алдашты,балким деддомго өткөрүп берсе, мүмкүн ошол жактан арзаныраак алам дедиби жунбаштар!
07.03.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чирип кетсин эми турмодо жырткыч десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: