super.kg logo

АКШда үйлөнүп жаткан түгөйлөр тойго келген кызды сүйүп калышты

 

АКШда түгөйлөр үйлөнүү той уюштурушуп, ага чакырылган келинчектин курбусун үйлөнүп жаткан кыз-жигит экөө тең сүйүп калган. Сүйүү үч бурчтугу тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Огайо штатынын жашоочусу 22 жаштагы Каралин Генри жигити Жастинге 5 жылдан бери аны кыздар кызыктырарын айтып келген. Жигит анын мындай өзгөчөлүгүн түшүнүү менен кабыл алып, кыздар менен сүйлөшө берсең болот деп уруксат берген. Мындан соң Каралин Түндүк Ирландиянын тургуну Лана аттуу кыз менен интернет аркылуу байланышып, сүйлөшө баштаган.

2018-жылдын октябрь айында түгөйлөр үйлөнүү тоюн уюштуруп, ага Лананы чакырышкан. Конок кызды жаш жубайлар ошол тойдон биринчи жолу көрүшкөн. "Биз үчөөбүз ошол күнү кол кармашып, көпкө чейин чогуу ырдап бийледик. Ошол күн эч эсимден кетпейт", - дейт Каралин.

Каралин менен Лана экөө тең кыздарды да, эркектерди да бирдей жактыра берген (асексуал) адамдар экенин жана ал үчөө тең бир төшөктө уктай бергени эч кимисине ыңгайсыздык жаратпаганын жашырышпайт. "Жолдошум Жастин асексуал эмес, бирок ал биздин мамилебизге түшүнүү менен карайт. Лана экөөбүз бири-бирибизди сүйгөнүбүз менен интимдик жакындыкта болбойбуз", - деген ал.

Түгөйлөр Каралин менен Жастин окуучулук кезинде таанышышкан. Анда Каралин эки жыныстын өкүлдөрүн тең бирдей сүйө берерин байкай элек болгон. Кыз бул тууралуу үй-бүлөсүнө айтарда абдан коркконун эскерген. "Мен кыз болуп туруп кызды жакшы көрүп калуу кандай экенин түшүнгүм келди, бирок ошол эле учурда жигитимден да кол үзгүм келчү эмес", - дейт ал. Жастин сүйүктүүсүнүн бул абалы тууралуу укканда кыз менен деле, эркек менен деле мамиле түзө берүүсүн шарттап берерин билдирген.

Мындан соң Каралин 2016-жылы Лана менен интернет аркылуу таанышкан. Ал маалда Лана кандын оорусу менен жабыркап жүргөн, дал ушур учурда Каралин ага көп колдоо көрсөтүп, жазып турган. 2017-жылдын февраль айында Лана залалдуу дарттан толук айыккан.

Ал эми Жастин жубайынын курбусу жана сүйүктүүсү Лананы үлпөт тойдон бир көрүп эле жактырып калганын айтат. Учурда бул сүйүү үч бурчтугу үчөөнү тең канааттандырат. Каралин АКШнын мыйзамдарында 3 адамдын үйлөнүүсүн шарттаган мыйзам жок экенине өкүнөрүн айтат. Ал эми бул түгөйлөрдүн айланасындагы көпчүлүк алардын мамилесин жийиркеничтүү деп эсептешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
07.03.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3 оосу окшошго
07.03.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Журогум айланып кетти
07.03.2019. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Төртөөго булар мышыгыда бар экен жаныбарлар дүйнөсү экенда
07.03.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жастин жыргаган экен да экоо менен тен жатып
07.03.2019. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыры заман жакындап калган сыяктуу.......
08.03.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булао точно айнып калышканго
07.03.2019. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга окшогон негодныйларды жаңылык кылбасаңар курсагыңар тойбой калабы?
07.03.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исдамда торт аял алса болот дегендей болуптур да.
07.03.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын бирок жашоодо гетересексуал, бисексуал, гомосексуализм, деген нерселер барда кабыл алгыбыз, мойундагыбыз келбейт! Бирок табият берген нерседен качып эч ким кутула албайсын! Ар нерсени аппак болуп жаза бербей, жаратканым ушундай нерседен баарыбызды сактасын, кулгонго куло жетем деген соз бар, созубузго кичине этият бололу
08.03.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулда жанылыкпы?Мындайларды жазбай эле койсонор
08.03.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамынар менен Урматту аялзаты! Майрам куну ватсаптан жагымдуу куттуктоолорду кабыл алып, жылмайып суперне кирээрим менен ушул кабарды окудум. Ай супер "сюрпрааааайз"деп жуктобой койбопсуз. Маанайды тушуруп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: