super.kg logo

Шекспирдин "Король Лир" чыгармасын кыргыз сахнасында Лондондон келген режиссёр койду

 

6-7-8-март күндөрү Бишкек шаарындагы Куурчак театрынын сахнасында Шекспирдин "Король Лир" классикалык чыгармасы коюлду. Спектаклди Улуу Британиядагы "Орзу Артс" Борбордук Азия театрынан келген режиссёр Юлдош Журабоев койду. Татаал эмгекти жаратуу үчүн сахнада 4 гана адам ойноп, бир нече каармандын образын ачып беришти. Алар Король Лирдин ролунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков, улуу кызы Гонерильянын ролун актриса Шайыр Касымалиева, ортончу кызы Регананын ролун Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрдын актрисасы Айсалкын Кыйыкбаева жана кичүү кызы Кардельянын ролун ушул эле театрдын актрисасы, режиссёр Жаңылай Исакова ойноду.

режиссёр Юлдош Журабоев.Классикалык чыгарма бул ирет демейдеги салттуу картинаны көрсөтүү менен эмес, азыркы заманды элестеткен кийим-кече декорация менен иштелип чыккан. Режиссёр мындай ыкма менен Король Лирдин трагедиясы азыркы заманда деле уланып келе жаткан актуалдуу көйгөй катары бергиси келген. Ата балага, бала атага душман болуп, байлык-бийлик талашкан көрүнүш азыр деле жок эмес. Мындай пикирди режиссёр сахнада сүйлөп жатып билдирди. Ал эми спектаклдин бет ачарына өлкөнүн аттуу-баштуу актёр-актрисалары, депутаттар жана бир катар маданият өкүлдөрү келип көрүп, өз баасын беришти. Аталган спектакль эл аралык долбоор болуп саналып, ушул жылдын май айында Нью-Йорк шаарында коюлмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: