Садыр Жапаров туулган айылына келип, апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууда








Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров апасын жерге берүү зыйнатына катышууга бүгүн, 9-мартта эртең менен Түп районунун Кең-Суу айылына келди. Бул тууралуу саясатчы менен кошо барган журналисттер кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал алгач атасынын күмбөзүнө барып куран окуду. Андан ары саясатчыны тууган-уругу үйүнө алып келген.
Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. Буга чейин 2017-жылы анын атасы каза болгондо жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.
Садыр Жапаров 2017-жылы "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Апанын жаткан жери жайлуу болсун, бейиштен омурун берсин!
Садыр байкеге сабыр куч кубат тилейм.