super.kg logo

Өзгөн районунда тоноочулук кылмышка шектелип 37 жаштагы жаран кармалды

 

Өзгөн районунда тоноочулук кылмышка шектелген адам 7-март күнү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары 1982-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалган. Ал 2019-жылдын 26-январында Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылынын Э.Ж. аттуу адамды уруп, 90 миң сом акчасын тартып алган.

"Акчасын тарттырып ийген адам кылмышка шектүүнүн жердеши болгон. Бул факт боюнча шектүүнү 6-февралда Өзгөн РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин тоноо фактысынын негизинде иликтөө иштерин баштады. Учурда кылмышка шектүү адам Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Кылмышка шектүү буга чейин эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган. Анткени ал адам өлтүрүү беренеси менен шектелип, Орусиянын Башкы тергөө органы тарабынан издөөгө алынган. Тактап айтканда, кылмышка шектүү 2017-жылдын 3-декабрында Орусиянын Москва шаарынын "Люблино" метросунун жанында жайгашкан кафеден Өзгөн районунун 1980-жылы туулган тургуну М.М. менен 1980-жылы туулган Ж.И.ни уурдап кеткен. Кийин алардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.03.2019. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суроттун эмне чыгарбай атасынар супер инфо
10.03.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ааай менин айылдаштарымгоо.уят уят.мен аябай уялып кеттим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: