Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдагандай, 10-март күнү саат 15:23тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
"Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Ала-Баш айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.