Кытай Эл Республикасы Кыргыз мамлекетиндеги жаңы элчисин дайындады
Кытай Эл Республикасынын Кыргыз мамлекетиндеги жаңы элчиси болуп Ду Дэвэнь дайындалды. Бүгүн, 11-мартта Ду Дэвэнь Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуп, ага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелерди жана алдыда күтүлгөн эки тараптуу иш сапарларга даярдыкты талкуулашты.
Кытай Эл Республикасынын мурдагы элчиси Сяо Цинхуа дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу өз ишин февраль айында тапшырып берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

