Бишкекте "Табият үнү" аттуу жандуу үн менен коштолгон концерт болду
Концерт кыргыз күүсү менен ачылды


Концерт кыргыз күүсү менен ачылды

Гүлзада "Жаз" аттуу ырын Юлияна менен бирге аткарууда

Жандуу үн. Гүлзада "Ынтымак" аттуу ырын аткарып жатат

Концертке келген көрүүчүлөр ээн-эркин отурушуп, концерттин жүрүшүн сүрөткө тартып жатышты

Юлияна "Якутия үнү" аттуу чыгармасын аткарууда

Концерттик залга шамдар жагылыптыр

Көрүүчүлөр ар бир аткарылган ырга кол чаап отурушту

Якутиялык Саарын "Менин жакшы мекеним" аттуу ырын аткарууда


Элдик ырларды аткарууда этникалык импровизациянын коштоосундагы чыгармачылыгы менен Шория уруусун таанытып келген тоолуу шориялык Чылтыс

Ырчы Чылтыс "Алкыш сөз" аттуу чыгармасын аткарды

Ар бир ыр музыканттардын коштоосунда жандуу үн менен ырдалды

Гүлзада "Толгонуу" аттуу ырын аткарууда

Гүлзада ырга жараша бийлеп да жатты

Юлияна кезектеги чыгармасы менен

Юлияна кезектеги чыгармасы менен

"Ай баратат" аттуу ыр абдан жагарын айткан Саарын кыргызча ырдады

"Ай баратат" аттуу ыр абдан жагарын айткан Саарын кыргызча ырдады

Концерттин соңунда 4 ырчы биргеликте "Жэм-сейшн" аттуу чыгарманы аткарып беришти
25-июлда Бишкектеги “Туңгуч” театрында ырчы Гүлзада менен Якутиядан келген ырчылардын концерти болуп өттү. Коноктор Кыргызстанга Гүлзаданын чакыруусу менен келишип, 1 жарым сааттык “Табият үнү” аттуу концерт тартуулашты. Тоолуу шориялык Чылтыс Таннагашева, якутиялык Юлияна Кривопашкина жана Саарын аттуу ырчылар Гүлзада менен биргеликте көрүүчүлөргө байыркы кыргыз жана Эне-Сай элдеринин маданиятын обонго салып, жандуу үн менен элестүү чагылдырышты. Көрүүчүлөр жагымдуу концертке күбө болушуп, ар бир аткарылган чыгармага кол чаап отурушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.