super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жаш ишкерлер бизнес-пландары менен тааныштырат

 
Бүгүн, 26-июлда саат 13:00дөн 18:00гө чейин Бишкектеги Кой-Таш айылындагы туристтик борбордо ишкерлик лидерлик боюнча жүрүп жаткан жайкы лагердин катышуучулары өздөрүнүн бизнес-пландары менен тааныштырат. Анда катышуучулар бизнес эксперттерден жана ийгиликтүү ишкерлерден кайтарым байланыш ала алышат. Бишкек ишкердик клубу тарабынан уюшулуп жаткан иш-чара 20-27-июль күндөрүнө белгиленип, ага Ош, Жалал-Абад облустарынан, Кара-Балта жана Бишкек шаарларынан келген 20дай жаш улан-кыздар катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш ишкерлер ишкерликтин сырлары, ишкананы башкаруу, ишкерликти пландаштыруу, ишкерликтин түрлөрү, мыйзам маселелери, өкмөт менен кызматташуу боюнча окуу курстарын өтүү менен өздөрүнүн баштапкы иштелип чыккан бизнес-пландарын андан ары жакшыртыша алышмакчы. Лагердин алкагында ишканалар менен таанышуу, ишке байланыштуу оюндарды ойноо жана жөө саякатка чыгуу каралган. Бул лагерь Кыргызстанда стабилдүү жана демократиялык коомду курууга жаш муундарды тарткан “jasa.kg” программасынын бир бөлүгү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: