super.kg logo

Токмокто таксистке кол салып уюлдук телефонун тартып алган жаран кармалды

 

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан таксистти сабап кеткенге шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. Окуя 7-март күнү катталган.

"8-мартта болжол менен саат 00:30 чамасында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө Токмок шаардык ооруканасына денесинин бир нече жеринен жаракат алып 53 жаштагы жаран жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топ чакыруу боюнча барып, иликтөө иштерин жүргүзүп, жаракат алган адам такси кызматында иштээри аныкталган.

7-март түнү саат 22:30 чамаларында такси кызматына белгисиз бирөөлөр чалып, буюртма кылышкан. Кардарларын алуу үчүн болжогон жерге келген таксистке 3 адам отурган. Жабырлануучунун айтымында, кардарлардын бири менен чыр чыгып кетип, уруш башталган. Уруша кеткен кардар таксистке кол салып, денесине жаракат келтирип, уюлдук телефонун алып койгон. Жабырлануучу унааны токтотуп, качып кетүүгө үлгүргөн. Ал жол четиндеги бадалдарга жашынып, андан соң жолдон башка унааны тосуп ооруканага барган", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Окуядан кийин унаада калган белгисиз адамдар көздөгөн жерине жетип, унааны ошол жерге таштап, кайра такси кызматына чалып унааны кайда калтырышканын кабарлап коюшкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Тоноо" беренеси менен катталып, окуяга шектүү катары Токмок шаарынын 35 жаштагы тургуну кармалганын кошумчалайт милиция.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.03.2019. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра чалып машинаны калтырган местасын айтып койгону жакшы экен))))))))
Pchelka85 түзөттү 2019-03-12 14:24:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: