super.kg logo

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков үй камагына чыгарылды

 

Тергөө абагында отурган мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков үй камагына чыгарылды.

Мындай чечим 12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сотто Казаковдун жактоочусу анын ооруп жатканын жүйө келтирип жаза өтөөнүн шартын жумшартууну өтүнгөн. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

Болсунбек Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон деп айтылган 48 VIP-коттедждин арзан сатылганына байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде камакка алынган.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: