super.kg logo

Ысык-Көл ОИИБи: "Бостери айылында 75 жаштагы улгайган аял зордукталган эмес"

 

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Аврора" пансионатында 75 жаштагы улгайган аялдын зордукталганы боюнча маалыматтарды жазышууда.

Анда эс алууга келген аялга баңги затын колдонуп алган жаран кол салганы тууралуу айтылган. Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы:

"Биздин кызматкерлер аталган пансионатка барып, 75 жаштагы аял менен сүйлөшкөн. Анын айтымында, түндө ал жаткан бөлмөнү белгисиз жаран такылдатып, тынчын алган. Бирок зордуктоо фактысы болгон эмес. Мындан улам эс алуучунун тынчын алган жаранды издөө иштери жүрүп, шектүү катары Корумду айылынын тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча иш козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: