super.kg logo

Женнифер Лопеске сүйүктүүсү бриллиант шакек салып колун сурады

 
10-март күнү интернет баракчасына илген сүрөтү.

49 жаштагы актриса жана ырчы Женнифер Лопес өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынын бирине сүйүктүүсү Алекс Родригестин тизелеп колун сурап жаткан сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттүн алдына 9-март, 2019-жыл деп жазган. Анткен менен буга чейин, тактап айтканда, 10-мартта актриса колуна бриллиант шакекти тагып турган сүрөтүн жарыялаганда, катталуучулары аны куттуктап башташкан болчу. Женнифер Лопес сүйүктүүсү менен Багама аралдарында эс алып жүргөндө колун сураган.

Сүрөттөрдөн Родригес кум жээкте сүйүктүүсүнө тизелеп шакек сунуп жатканын көрүүгө болот. Ырчынын катталуучулары, анын ичинен атактуу ырчы жана актёр, актрисалар дагы экөөнү куттуктап билдирүүлөрдү калтырышкан.

Зер буюмдар боюнча эксперттер шакектин баасын жана бриллиантты канча караттан турарын эсептеп чыгууга жетишкен. Маалыматтарда жазылгандай, шакек болжол менен 4 жарым миллион доллар турары жана бриллиант 12-15 карат экенин айтышат. Шакек өзү ак алтындан жана платинадан жасалган деп болжолдонгон.

Белгилей кетсек, Женнифер Лопес эгер Родригес менен баш кошсо ушуну менен төртүнчү ирет турмушка чыгат. Алгачкы жолу ресторан менеджери Охани Ноа аттуу адамга турмушка чыккан. Андан кийинки турмушун бийчи Крис Жадд жана үчүнчү турмушун ырчы Марк Энтони менен курган. Ортодо актёр Бен Аффлек, рэпер Дрейк сыяктуу атактуулар менен да сүйүү романдарын курган учурлары болгон. Ал эми учурдагы сүйүктүүсү бейсболчу Алекс Родригес менен 2017-жылдын март айынан бери мамиле түзүп келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
13.03.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай акча болсо уйлонуп эле бир кызга жашайт элем бизнес кылып кудай деп сооп иштерди жасап
13.03.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулуктун тери кургабайт деген ушулда.
13.03.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лопестин арты кичирейип кеткенби?
13.03.2019. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond02,каарыды да качанкы Лопес
13.03.2019. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жыйырма жетинчи куйоосу болуш керек
14.03.2019. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshondoiraak, metsenat, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-14 09:45:57
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: