super.kg logo

Москвада пенсионердин үйүнөн 40 миң доллар жана 1 килограмм алтын тыйын уурдаган аял кармалды

 

Москвада пенсионерлердин үйүнө ууруга кирип жүргөн аял кармалды. Ал жабырлануучулардын биринин үйүнөн 40 миң доллар жана 1 килограмм алтын тыйын уурдаган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, уурулук фактысы 3-7-март күндөрүнүн аралыгында Первомайское аймагында орун алган. Анда белгисиз адамдар көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы батирдин айнегин ачып кирип, үйдөгү баалуу буюмдарды алып чыгып кеткен.

"61 жаштагы аялдын үйүнөн 2,5 миллион рублдан ашуун акча жана алтын тыйындар уурдалып, келтирилген жалпы чыгым 5 миллион 703 миң 720 рублду түздү. Дагы бир 80 жаштагы пенсионердин Черантов көчөсүндөгү батирине белгисиз эки аял кирип, алаксытуу жолу менен 900 миң рублга жакын акчасын уурдап кетишкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурун бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы аял кармалды. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу аныкталууда. Ошондой эле анын шериги изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.03.2019. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бизге берсе гытайдын карызынан кутулмакпыс
COKE түзөттү 2019-03-14 08:50:26
14.03.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шериги Кыргызстан жараны болуп чыкпасында оо Кудай
14.03.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россиянын пенсионерлеринин ушунча акчасы болсо
14.03.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МОшениктер көп москвада
14.03.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пенсионерлердин ошончо акчасы бар бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: