Жаңы Зеландиядагы эки мечитке кол салуу болду. Каза болгондордун саны 49га жетти, 50 адам жарадар болду, 20сынын абалы оор




Жаңы Зеландиядагы эки мечитке кол салуудан 49 адам каза болуп, ок тийип жаракат алгандардын саны 50 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып жатат.
Окуя Жаңы Зеландиянын түштүк тарабындагы Крайстчерч шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан 2 мечитте түшкү намаздан кийин орун алган. Автоматчан киргендер мечиттеги адамдарга ок чыгарган.
"Жаңы Зеландиянын полициясынын башчысы Майк Буш ооруканаларга 50гө жакын адам жеткирилгенин жана 20 адам оор абалда болуп жатканын билдирген. Кол салуу болгон учурда мечиттерде жүздөгөн адамдар болгон. Кылмышка шектелип 3 эркек жана 1 аял кармалган, кийин алардын биринин бул окуяга тиешеси жок экени аныкталды. Кармалгандардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант. Ал мечиттин ичинде адамдарды аткылаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 17 мүнөттүк түз эфир менен көрсөткөн. Ошондой эле видеонун алдына мындай кадамга эмне себептен баргандыгын түшүндүргөн манифест жарыялаган.
Крайстчер шаарынын көчөлөрүнөн жана супермаркеттерден колго жасалып унаага коюлган жардыруучу заттар табылган. Полиция Данидин шаарындагы мечитти тыкыр көзөмөлгө алды, себеби Таррант ал мечитке да кол салуу болорун өзү жарыялаган 74 барактан турган манифестте белгилеген", - деп айтылат маалыматта.


Ойлондурчу нерсе,мусулмандарга кол салуу болгон учурларда,кылмышкерлердин динине,эркек аял экенине кобу маани бербейт,бирок мусулман адам кылмыш кылса,террорист делип,ислам динине,мусулманчылыка жаман создор айтылат