Бишкекте мигранттардын үй-бүлөсүн чагылдырган "Атам эртең кайтып келет" аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылат

Бишкекте "Атам эртең кайтып келет", "Мен чет элдикмин" деген аталыштагы сүрөт көргөзмө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, сүрөттөр эмгек мигранттарынын башка өлкөдө башынан кечирген күндөрүн, адам тагдырын жана үй-бүлөсүн аргасыз калтырып алыста иштеп жүргөндөрдүн жашоосун чагылдырат. Көргөзмө 18-мартта ачылып 7-апрелге чейин уланат. Мындай топтомдогу сүрөттөр сүрөтчү Эльёр Нематовго таандык. Анын эмгектери Орто Азия өлкөлөрүнө көрсөтүлүп келген.
Сүрөт көргөзмө шаардагы "Ololohaus Erkindik" имаратында өтөт. Сүрөттөрдү көрүүнү каалагандар үчүн аталган борбордун эшиги ачык, кирүү акысыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.