super.kg logo

Жаңы Зеландиядагы эки мечитке кол салуу: 50 адамды атып, дагы 50 кишини жарадар кылган шектүүнүн жанынан 5 ок атуучу курал алынды

 

Жаңы Зеландияда 50 адамды атып өлтүрүүгө жана 50 адамды жарадар кылууга шектелип кармалган Брентон Тарранттын жанынан 5 ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып жатат.

Маалыматка ылайык, 15-март күнү Жаңы Зеландиянын түштүк тарабындагы Крайстчерч шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан 2 мечитке болгон кол салуу 50 адамдын өмүрүн алды. Өзүн "ак улутчул" деп атаган Брентон Таррант "адам өлтүрүү" беренеси менен айыпталууда.

"Таррант бул менен эле токтолбостон кол салууну улантууну көздөгөн. Полиция кызматкерлери аны колго түшүрүү менен анын аракеттерине бөгөт койгон. Анын жанынан 5 ок атуучу курал табылган, алардын баары мыйзам чегинде сатып алынганы аныкталды. Учурда курал-жарак алуудагы мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Бул окуя болуп көрбөгөндөй зордук-зомбулук катары эсте калат", - деди Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

Окуянын чоо жайына кайрылсак:

15-март күнү Брентон Таррант эки мечитке кол салып, мечиттин ичинде адамдарды аткылаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 17 мүнөттүк түз эфир менен көрсөткөн. Ошондой эле видеонун алдына мындай кадамга эмне себептен баргандыгын түшүндүргөн манифест жарыялаган. Манифестте ал башка мечитке да кол сала турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.03.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын мындай нерседен баарыбызды тынч эле журойлуу
18.03.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото коркунучтуу киши экен
19.03.2019. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге кылмышкердин атын толук жазып койдуңар? Тааныш билиштери окуп калса капа болбосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: