super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: Вице-премьер Жеңиш Разаков 52 жашка толду

 
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 1967-жылдын 19-мартында Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган.
Ал 1990-жылы маршал Д.Устинов атындагы механикалык институттун колдонмо механика жана автоматика факультетин аяктаган. 1997-жылы ИИМдин республикалык окуу борборун аяктаган.

Эмгек жолун Кызыл-Кыя шаарындагы "Алай" машина куруу заводунда мастер болуп иштөөдөн баштаган. Аталган заводдун өндүрүш цехинин башчысынын орун басары, башчы кызматын аркалаган. 1996-жылдан тарта ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштеген.

2000-жылы Баткен райондук ички иштер органынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү болуп дайындалган. Андан соң ИИБ коомдук түзүлүштөр менен байланышуу бөлүмүнүн, ИИБ 9-бөлүмүнүн, ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары болгон.

2011-жылдын 15-апрелинен 2012-жылдын 1-февралына дейре Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;

2012-жылдын 1-февралында Баткен облусунун мамлекеттик администрация жетекчисинин губернаторунун милдетин аткаруучу;

2012-жылдан 2016-жылга чейин Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү;

2016-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылдын октябрына чейин вице-премьер-министр;

2017-жылдын август айынан тартып октябрь айына чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы;

2017-жылдын 26-октябрынан тартып президенттин кеңешчиси;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп келүүдө.

19-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: