super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: 28 жашка толгон ырчы Асел Кадырбекова туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилейт

 

Бүгүн, 19-мартта ырчы Асел Кадырбекова 28 жашка толду. Ырчынын туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда жолдошу, ырчы Нурлан Насип туулган күндү үйдөн белгилей турганын айтты.

"Быйыл жубайымдын туулган күнүн алгачкы жолу бир үй-бүлө катары өткөрүп жатабыз. Ошондуктан үйдө ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз менен биргеликте өткөрөбүз", - деди Нурлан Насип.

кичинекей кези

Ырчы Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжин жана ОшМУдагы юридикалык факультетин аяктаган.

16 жашынан тарта шоу-бизнеске аралашып, 2010-жылы "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан. Өткөн жылы Тумар радиосунда ди-джей катары иштей баштаган. Мындан тышкары Асел айым "Сүйүүнүн керемети", "Мандарин" тасмаларында роль жаратып, актриса катары таанымал.

Белгилей кетсек, өткөн жылы, тактап айтканда, Асел Кадырбекованын туулган күнүндө 7 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити, ырчы Нурлан Насип 101 роза гүлүн сунуп, көздүү шакек тагып колун сураган. Ал эми апрель айында таттуу түгөйлөр баш кошуп, үлпөт тоюн май айында Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. Ал эми азыркы учурда түгөйлөр наристе күтүп жаткан кези.

19-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: