super.kg logo

Экс-мэрлер Кулматов, Ибраимовдун кылмыш иши боюнча соттук отурумда жактоочу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

 

Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды.

Экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев ишти карап жаткан судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү.

"Ишти карап жаткан судья Кубанычбек Касымбековдун өзүнө 2 берене менен кылмыш иши козголгон. Айыпталуучулардын жактоочусу мындай судьяга ишеним көрсөтө албайт. Ал ишти акыйкаттуу карайт деген ишеним жок, ошол себептен ишти башка судья карашы керек", - деди жактоочу.

Ошондой эле жактоочу сот отурумун өткөрүү үчүн дагы деле эч кандай тиешелүү шарттар каралбаганына нааразычылыгын билдирди. Жактоочунун билдирүүсүнөн кийин судья кеңешме бөлүмүнө чыгып кетип, 1 саатка жакын убакыттан кийин кайра келип, өтүнүч канааттандырылбаганын маалымдады. Мындан кийин сот кийинки аптага жылдырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.

Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала башталды. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.






Кулматов менен Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
20.03.2019. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАны кубо катары сураш керек, ал билет да жок моралдык жоопкерчилик деген болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: